Биз менен байланышыңыз

Зеленский карантинде кафеге барганы үчүн айыпка жыгылган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 314 | 0

19-июнда Хмельницкий сотунда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин административдик укук бузуу маселеси каралды.

«Корреспондент» билдиргендей, Зеленский карантиндин эрежесин бузуп, тыюу салынган учурда, Хмельницкинин кафесине делегациясы менен барган.

Бирок, судья ишти токтотуп, Жогорку Сотко кайрылып :»Мамлекет башчысын административдик жоопкерчиликке тартуу мүмкүнбү?» — деп чечмелеген, анткени Конституцияга ылайык, президент кол тийбестикке ээ. Мындай чечимди судья Андрей Мисинкевич жарыялады.

Жакында президент Владимир Зеленский кафедеги карантинди бузганы үчүн айыппул төлөөгө даяр экендигин билдирди.

3-июнда Хмельницкийге болгон сапарында Владимир Зеленский делегациянын мүчөлөрү менен бирге кафеде кофе ичишкен. Муну менен карантиндик чараларды бузушкан. Карантиндин тийиштүү эрежесин бузууга 17 ден 34 миң гривенге чейин айыппул каралган.

Президент менен бирге кафеде Президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак, анын биринчи орун басары Сергей Трофимов, Украинанын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Виктор Ляшко, Хмельницкий областтык мамлекеттик администрациясынын төрагасы Дмитрий Габинт жана Хмельницкий шаарынын мэри Александр Симчишин болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM