Биз менен байланышыңыз

Тарыхтагы алгачкы сүрөттөр

Блог , Дүйнө | 19 Июн 2020 | 1272 | 0

Ак жана кара сүрөттөрдүн заманында 3D, панорама, автофильтер, селфи форматындагы сүрөттөрдү элестетүү кыйын болгондур.  Адамзат тарыхындагы биринчи сүрөттүн пайда болушу чоң жаңылык болгон. Төмөндө эң алгачкы фотолордун эволюциясын сунуштайбыз.

Эң алгакы сүрөт

Дүйнөдөгү биринчи сүрөт 1826-жылы француз фотографы Джозеф Нисфор Непс тарабынан тартылган. Терезеден «Le Grace көрүнүшүн» тартуу үчүн ага 8 саат талап кылынган.

Биринчи түстүү сүрөт

1861-жылы англиялык физик Джеймс Максвелл тарабынан тартылган «Тартан тасмасы» — фотография тарыхындагы биринчи түстүү сүрөт. Максвелл Лондондогу Королевстволук институтунда түстүү көрүнүштүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө лекция окуп жаткан учурунда түстүү лентанын өз алдынча портретин көрсөтүүдө.

 Адамдын биринчи сүрөтү

1838-жылы фотографиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Луи Дагерер Париждеги дю Тампль бульварын сүрөткө тартып алган. 10 мүнөткө созулган бул сүрөттө көчөдө турган адамдын элес түшүрүлгөн.

Биринчи фотомонтаж

1858-жылы Генри Пич Робинсон кургак учуктан өлүп бара жаткан оорулуу кыздын сүрөтүн тартуу үчүн беш негативди колдонгон. Бул фотомонтаж колдонулган биринчи сүрөт.

Алгачкы авто-портрет

Америкалык фотограф Мэттью Брэд — биринчи автопортреттин автору. 1875-жылы фотограф өзү авто-портретке түшкөн.

Абадан тартылган эң алгачкы сүрөт

Алгачкы авиасүрөттөрдүн авторлору көгүчкөндөр болгон. 1903-жылы Юлий Неброннер камера жана таймерди бириктирип, аны көгүчкөндүн мойнуна жайгаштырган. Бул ыкма кийинчерээк Германиянын армиясында аскердик чалгындоо максатында колдонулган.

Суу астында тартылган алгачкы сүрөт 

Суу астындагы биринчи түстүү сүрөт Мексика булуңунда тартылган. Сүрөт 1926-жылы доктор Уильям Лонгли жана National Geographicтин фотографы Чарльз Мартин тарабынан иштелип чыккан.

Космостон алынган биринчи сүрөт 

1946-жылы V-2 ракетасына орнотулган 35 миллиметрлик камера Жерди 105 км аралыкта сүрөткө тартып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM