Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын министри Түндүк Кореяга байланыштуу кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 314 | 0

Түштүк Кореянын Түндүк Корея менен биригүү боюнча министри Ким Ён Чхол акыркы күндөрү Түндүк Корея менен мамилелер курчуп турган кезде кызматтан кетти.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин бир нече күн бою суранып келген министрдин кызматтан кетиши боюнча арызын кабыл алды.

Ким Ён Чхолдун ордуна азырынча эч ким дайындалган жок. Чиновник Корей жарым аралынын тынч жана гүлдөп-өнүгүү жөнүндөгү кыялдарын ишке ашыра албагандыгы үчүн өлкө элинен кечирим сурады.

Эске салсак, 16-июнда Түндүк Корея Сеул менен чек арадагы байланыш офисин жардырып жиберген.

Мындан сырткары, Түндүк Корея 18-июндан тарта чек арадагы демилитаризацияланган аймакка аскерлерин кайтара баштады.

Пхеньяндын нааразычылыгына Түштүк Кореянын түндүктүк качкындарга Түндүк Кореянын режиминин жана анын лидери Ким Чен Ынды жамандаган баракча жана башка үгүт каражаттарын түндүккө жөнөтүүсүнө тоскоолдук кыла албагандыгы себеп болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM