Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк зомбулукту оор кылмыш катары кароо сунушталды

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 571 | 0
Cүрөттүн автору Татьяна Зеленская. Сузакта болгон үй-бүлөлүк зомбулук фактысына арналган сүрөт

Үй-бүлөлүк зомбулукту оор кылмыш катары кароо сунушталып жатат. Бул багыттагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Исхак Пирматов демилгеледи.

Мыйзамдын негизинде үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук жасалып, анын күнөөсү далилденген учурда 7,5 жылга чейин жаза берүү каралууда. “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Исхак Пирматовдун айтымында, азыркы мыйзам боюнча, тосмо арыз жазылган учурда, зомбулук көрсөткөн адамдар камалбай калып жатат.

5 жыл ичинде Кыргызстанда үй бүлөлүк зомбулук фактылары үч эсеге көбөйүп, 2013-жылы 2,5 миң болсо, 2018-жылы 7200 факты катталган. 2020-жылдын үч айында 2,5 миңден ашык зомбулук фактысы катталды. Быйыл январь-февраль айларында адам өлүмү да катталды.

12-июнда социалдык тармактарга эркек киши аялдын мойнуна дөңгөлөк байлап, колдорун таңып, бетине чакалап суу чачып сабаганы тартылган видео тарады. Сузак райондук милициясы бул окуяны тастыктап, аялды кыйнаган киши аны жолдошу экенин аныктады. Зомбулук көрсөткөн жаран 15 суткага камалган. Анын эртеси кордук көргөн аял жолдошун коё берүү үчүн тосмо арыз жазды.

Коомчулукта аялдарга болгон үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу чакырыктары жүрүп жатат.

Жолдошунан кордук көргөн аял тосмо арыз жазды

Copyright © 2017 Maral FM