Биз менен байланышыңыз

Жолдошунан кордук көргөн аял тосмо арыз жазды

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 843 | 1

Мойнуна дөңгөлөк байланып, кордук көргөн аял жолдошун кечирип, тосмо арыз жазды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Бирок бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысын тергөө иштери уланары айтылды.

Окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. жубайы 1973-жылы туулган М.Д. атуу жарандын мойнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Жабыркаган аял 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган.

Бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап, көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясы ишти Жазык кодексинин “Уруп-согуп кыйноо” беренеси менен тергей баштаган. 14-июнда райондук соттун чечими менен кармалган жаран 15 суткага камалган.

2013-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын катталган саны 2 миңден ашык болсо, 2018-жылы 7 миңден ашкан.

Үстүбүздөгү жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65%га көп.

 

Copyright © 2017 Maral FM