Мойнуна дөңгөлөк байланып, кордук көргөн аял жолдошун кечирип, тосмо арыз жазды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Бирок бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысын тергөө иштери уланары айтылды.
Окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. жубайы 1973-жылы туулган М.Д. атуу жарандын мойнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Жабыркаган аял 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган.
Бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап, көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясы ишти Жазык кодексинин “Уруп-согуп кыйноо” беренеси менен тергей баштаган. 14-июнда райондук соттун чечими менен кармалган жаран 15 суткага камалган.
2013-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын катталган саны 2 миңден ашык болсо, 2018-жылы 7 миңден ашкан.
Үстүбүздөгү жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65%га көп.
1 пикир