Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту дарылоочу эффективдүү препараттын аты аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 988 | 0

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус “Өмүрлөрдү сактаган илимдеги ачылыш” деп COVID-19ду дарылоочу британ окумуштууларынын изилдөөлөрүнүн натыйжасында жасалып чыккан дексаметазон тууралуу кеп кылды. Ал 17-июнда Женева шаарында сүйлөгөн сөзүндө Улуу Британияны жана Оксфорд университетин илимпоздорун “эң сонун жаңылыктары” бар экенине кубанып, аларды жаңы ачылыштагы ийгиликтери менен куттуктады.

ДССУ жетекчисинин айтымында, COVID-19 менен жабыркап, жасалма дем алдыруучу аппараттарда жаткан жана кычкылтек талап кылынган бейтаптардын өлүмүн азайтууда дексаметазон эң ийгиликтүү препараттардын бири деп табылды. Дексаметазон өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга туташтырылган бейтаптардын үчтөн биринин өлүмүн кыскартса, кычкылтек талап кылынган бейтаптардын бештен биринин өлүмүнүн алдын алган. Бул тууралуу ДССунун сайтында кеңири маалыматтар берилди. .

Ушул эле учурда дексаметазондун таасири кадимки пневмониядан жабыркаган бейтаптарга анчалык таасирин тийгизбегендиги да белгиленген.

Оксфорд университетинин изилдөөлөрү

Оксфорд университетинин изилдөөлөрүнө 2104 бейтап тартылган. Андан сырткары, 4000 адам көзөмөлдөөчү изилдөөлөргө катышкан. Окумуштуулардын айтымында, дексаметазон коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдөгү эң арзан препарат болуп, оор абалда жаткан ар бир 8-өлүмдүн алдын алганга жардам берет.

Синтетикалык кортикостероид дексаметазону 1960-жылдардан бери медицинада колдонулуп келе жатат. Ал жогорку иммунодепрессивдүү жана сезгенүүгө каршы аракетке ээ болуп, башка жөнөкөй оорулардан сырткары, рак, аллергия, артрит жана астманы дарылоодо кеңири колдонулуп келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM