Биз менен байланышыңыз

Ош: 10 калктуу конушту таза суу менен камсыздоо долбоору ишке кирүүдө

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 397 | 0

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конушту таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке киргизилүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда аталган долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган долбоорду ишке ашыруу менен он калктуу конуш же Жапалак айыл аймагынын 20 миңден ашуун тургуну таза суу менен толук камсыз болорун маалымадады.

Курулуштун долбоору республикалык бюджеттен каржыланган. Биринчи этап боюнча курулуш иштери 2019-жылдын июнь айында башталган жана 2020-жылдын июнь айынын соңуна чейин толугу менен бүткөрүлөт.

Эске салсак, калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында 2018-жылы республикалык бюджеттен 350 млн сом, ал эми 2019-жылы 500 млн сом бөлүнгөн. Акыркы үч жылда өлкөнүн 107 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM