Биз менен байланышыңыз

Суунун коронавируска каршы күрөштөгү ролу

Блог | 23 Сен 2020 | 1827 | 0

Биз күн сайын колдонуп, адатта, маани бербеген элемент — суунун наркы дагы деле жылдан жылга жогорулап бара жатат. Пандемия учурунда анын мааниси ого бетер өстү. Себеби кычкылтектен кийинки адам денеси үчүн эң маанилүү зат — бул, албетте, суу.

Кызыктуу фактылар:

Денебиз 2% гана сууну жоготсо, катуу суусап чыгабыз. Ал эми 10 пайыз жоготуу өмүргө коркунуч туудурат.

Күн сайын 6 стакан таза суу ичүү жүрөктүн нормалдуу иштеши үчүн өтө натыйжалуу экендиги далилденди. Бирок бул сумма бардык ооруларга карата кабыл алынбашы керек.

Суу Жердин 70 пайыздан ашыгын камтыйт. Бирок анын 3 пайызы гана таза суу, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамзаттын муктаждыктарын канааттандырат.

Көпчүлүк суу 0 градуска чейин тоңот деп эсептешет жана бул жалпысынан туура. Бирок жогорку деңгээлде тазаланган суу — 42 градуска чейин тоңбошу мүмкүн. Анткени муз суунун өзүндөгү башка ар кандай элементтердин айланасында пайда болот.

Суунун эс тутумга ээ экендиги бир катар тажрыйбаларда далилденген. Тунук сууну көздөй жагымдуу обон ырдалып, мазактоочу сөздөр менен коркутулуп, айланасында ызы-чуу чыгып, баш аламандык уюштурулган. Суунун курамынын начарлашында айлана-чөйрөнүн абалы чоң роль ойногон жана ошону менен суу маалымат алаарын далилдеген.

70 жаштагы карыя болжол менен орточо 35 тонна суу сарптайт. Бирок бүгүнкү күндө кеминде 1 миллиард адам таза сууга жуунуп, таза суу ичүүнү кыялданат. Эгер сиз таза суу менен камсыздалган болсоңуз, анда кандай улуу жакшылык берилгенин ойлонуп, сууну ысырап кылбаңыз.

Акыркы 50 жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча суу ресурстарына байланыштуу беш жүздөн ашуун чыр-чатактар ​​болуп, алардын жыйырма бири аскерий аракеттерди камтыган.

COVID-19 менен күрөшүүдө суунун ролу

Ар кандай ооруларга каршы күрөшүүдө суунун ролу чоң. Бирок суу 2020-жылдагы пандемиялык коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө өтө маанилүү:

1. Колду үзгүлтүксүз жууп туруу шарты тынымсыз кайталанат;

2. Дезинфекциялоочу каражаттардын көпчүлүгү суудан жасалган;

3. Ооруканаларды, эл көп топтолгон жерлерди, билим берүү мекемелерин жана жалпы адамдар бар ар кандай жерди бир нече эсе тазалоо керек;

Коронавируска чалдыккан адамдын сууну аз ичүүсү кандай коркунучка алып келет?

Коронавирустук инфекциядан улам пайда болгон COVID-19 оорусу адамды өлтүрбөйт. Бирок анын кесепетинен пайда болгон татаалдыктар организмдеги калыбына келгис процесстерди жаратып, өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Ошентсе да оорунун өзү, анын өлүмүнүн себептери ондогон жылдар бою жүз миңдеген изилдөөлөрдүн предмети болуп келген.

Бирок буга чейин ачык-айкын жактары бар — бул ооруда табиттин жоголушу өзүнөн-өзү аз керектөөгө, тез дем алууга жана жогорку температурада суюктукту жоготууга алып келет жана ушул сыяктуу факторлор биригип, денеде суунун аз калышына алып келиши мүмкүн.

Бул төмөнкү көйгөйлөрдү жаратат: былжырлуу кабыктар кургап, мастык башталат, кан коюуланып, бул өлүмгө алып келүүчү факторлордун бири — тромбду жаратат.

Канча суу ичүү керек?

Бардыгы жекече. Салмак, кыймыл-аракет, курак, кошумча оорулар, диета, кабыл алынган дары-дармектер сыяктуу факторлор эске алынат. Бирок бул ооруга чалдыккандардын көпчүлүгүнө тиешелүү жалпы сунуштар бар — балдар 2-3 литр, чоңдор 3-5 литр суу (же суюктуктун ар кандай түрлөрүн) ичиши керек. Суунун ордун компот , ширелер алмаштыра алат жана жакшы пайда берет. Бирок газдалган суусундуктардан баш тарткан оң.

Сууну аз-аздан, үзгүлтүксүз, көңүлгө тийбей турган өлчөмдө ичүү керек. Ичүүчү суунун тазалыгына көңүл буруу кажет, эгер күмөн болсо, аны кайнатуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM