Биз менен байланышыңыз

Үнүңүз карьераңызга канчалык таасир этет? Адистен жооп

Билим-маданият , Блог | 11 Июн 2020 | 1735 | 0

Экинчи дүйнөлүк согушта СССР аскерлерин эрдикке шыктандырган Юрий Левитандын үнү болгон. Башкача айтканда, анын үнү өчүп бараткан жеңиш үмүтүн кайра жандантып, дем-күч берип, кайратына кайрат кошкон сыйкырдуу күч. Ал керемет добуш Советтер союзунун үнү, жеңиштин үнү…

Мына ошол үндүн ар бир адамдын жеке жашоосуна, ишкердигин өнүктүрүүсүнө жана карьерасына кандай таасир этет? Бул тууралуу тууралуу теле алып баруучу жана диктор Айнура Кабатай кызы менен кеңири маек кылмакчыбыз.

Америкалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар биринчи кезекте үнгө реакция кылышат, андан кийин гана адамдын сүйлөгөн сөзүнүн мазмунуна көңүл бурушат. Ишенимдүү үнү бар адамдар оңой эле симпатияга эле ээ болуп, мыкты карьера жасай алат.

  • Үнү жок адам баласынын коммуникациясын элестетүү мүмкүн эмес. 70-80% коммуникацияны үн аркылуу алышкандыктан, оозеки кеп формасында, албетте, үн чоң роль ойнойт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, баарлашып жаткан адамдар ошол сөз кандай интонация, жест, мимика менен коштолду? Ошого көбүрөөк көңүл буруп, маалыматты көбүрөөк ошондон алат. Мисалы, интонация менен эле бирөөнү таарынтып алышыбыз мүмкүн. Андыктан, үн жашообузда чоң мааниге ээ, күнүмдүк турмушубузда болобу, адамдар менен мамиле кылууда болобу, өзгөчө карьерабызда.

Азыркы учурда коомдук жана саясий ишмерлер, спикерлер, ораторлор, башкаруучулар жана сатуу жаатында иштегендер эртеби-кечпи өз үнүн башкара билүү, жагымдуу, таасирдүү сүйлөө ийгиликке жетүүнүн жана кирешени жогорулатуунун ачкычы экендигин акырындык менен түшүнүп бара жатышат.

  • Эми азыр акырындык менен түшүнүп баратат окшойт. Чындыгында, өзгөчө карьерага таасир этип коёт экен. Улуу Британиялык политолог Маргарет Тэтчер чоң саясатка аттанарда анын имиджмейкерлери кеңеш берген: “ Маргарет, сен мыкты саясатчысың, бирок сенин чоң кемчилигиң бар, бул- сенин үнүң” дешкен. Үнү кичинекей кезинен жаратылышынан ичке, бийик тондогу, анан ачуу, жагымсыз болгон. Андан кийин Маргарет кеңештерди кабыл алып, үнүн машыктырып, тембрин ылдый түшүргөн. Ичке үндөр жаштык менен ассоциацияланат. Өзгөчө жетекчи болсоңуз, анан үнүңүз ичке, бийик болуп турса, кээ бирөөнүн үнү титиреп турат. Коюлбаган, тарбияланбаган үн өзгөчө сүрдөгөн учурда титиреп турат. Анткени, кээ бир адамдар үн түйүндөрүнө күч келтирип сүйлөйт. Ошондуктан, Маргарет Тэтчер үнүн оңдогон. Эгерде үн ичке болсо, аудитория бизге ишенбейт, кабыл албайт.

Дүйнөгө белгилүү инсандар бир нече жылдар бою өзүнүн үнүн үстүндө иштеп, эл алдында кантип таасирдүү сүйлөө боюнча сабактарды алышкандыгы да белгилүү. Мисалга ала турган болсок, француз императору Наполеон Бонапарт өзүнүн карьерасынын башталышында өзүнүн оратордук  чеберчилигине өтө нааразы болгон. Ал өзүнүн таасирсиз үнү менен жактоочуларды да, генералдарды да, армияны да шыктандыра алган эмес. Мына ошого байланыштуу ошол кездеги актёр Тальма менен узак убакыт бою үн боюнча сабак алып, үнүнүн тарбиялаган. Наполеондун өзүнүн кийинки жашоосунда адамдарга кандай таасир эткендиги баарына жакшы белгилүү.

Ошондой эле, Кыргызстанда да бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер эл алдында таасирдүү сүйлөө боюнча курстарды алып келишет.

  • Саясатчылар эле эмес, арада актрисалар да бар. Башка кесип ээлери көп келишип, үн боюнча карыйлып окуп турушат. Кадимкидей жыйынтыктар болот, алар азыр ыраазы болуп иштеп жүрүшөт.

Жогоруда айтылган маалыматтардын илимий түшүндүрмөсү, албетте, жок эмес. Илимпоздордун иликтөөсү боюнча, биз айткан сөздөр маалыматтын 20%ын гана берет, ал эми калган 80%ын биздге тембр, интонация жана үндүн бийиктиги берет.

Биздин маектешибизге ишенүү же ишенбөө таанышуунун алгачкы 30 секундунда биздин аң-сезимибизде автоматтык түрдө үндүн кандай угулганына байланыштуу  чечилет. Качан гана ишенүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин гана мээбиз алынган маалыматтарды иштеп чыгара баштайт.

Мындан сырткары, маектештин төмөн жана бархаттык үнүн мээбиз ишенимдүү жана өзүн-өзү камсыз кылган билимдүү, беделдүү адам катары кабыл алат.

  • Коммуникациянын үч түрү бар: вербалдык, паравербалдык жана вербалдык эмес. Ошол вербалдык болгондо сөздгө маани берилет. Мына ошол сөздүн өзүнө жети гана пайыз орун берилет, калган 93%ы паравербалдык жана вербалдык эмес каражаттар. Башкача айтканда, мимика, жест, үн, интонация, тембр. Үн монотондуу болуп турса да, эл кабыл албайт, оозду чоң ачып артикуляция менен айтуу да чоң роль ойнойт”.

Сүйлөө түрү жана үн тембри сиздин карьераңызга жаңы дем берүүчү, ошол эле учурда аны жок кылуучу касиетке ээ. Бүгүнкү күндө үн менен башкаруу бул — маектешине же аудиторияга сүйлөшүүнүн биринчи секундасынан баштап ишеним жаратуу. Стресске кабылган кырдаалда үнүн башкара билүү адамды кесипкөй, лидер, ийгиликтүү адам катары мүнөздөйт. Демек, үн маектешүүдө, танышууда, башкарууда, сүйлөшүүлөрдө, презентацияларда жана сатууда  эң маанилүү курал болуп саналат.Ошондой эле, үн ар бир күндү ийгиликтүү өткөрүү үчүн да маанилүү ролду ээлейт.

Кээде маектешиңизге айткыңыз келген нерсе менен ал түшүнгөн же уккан нерсенин ортосундагы чоң айырма жаралганын канчалык көп сезесиз? Сизде да өзүңүзгө ишенимдүү сүйлөй албай, сиздин үндү эч ким укпай калган учурлар болгонбу?  Мына ошол абалдан чыгуунун жолдору төмөнкүдөй:

  • Үнү ичке болуп, өзүнө ишенбей турган адамга аудитория да ишеним жаратпайт. Албетте, оратор өзүнө ишенип, ишенимдүү кылып, үндү бийик чыгарып, ийиндерин кууштурбай сүйлөш керек. Буга албетте, жест, мимика да чоң таасир этет. Сөздү  туура айта албаган адамдар, демек, машыккан эмес. Элдин алдына чыга турган болсоңуз, сөзсүз түрдө текстти үндү чыгарып окушу керек. Себеби, ичибизден окуганда кандай гана татаал термин, кандай гана татаал сөз болбосун, окуган сыяктуу боло берет. Андыктан, татаал сөздү кайра-кайра үндү чыгарып окуп, машыкпаса болбойт. Жаңылмачтарды айтып турса, дикция жакшырып, сөздөр оңой айтылат.

Доошуңуз мыкты чыксын десеңиз, туура дем алганды унутпаңыз.Эгер жайма-жай дем алып турбасаңыз, үнүңүз чыңалгандай угулат. Дем алганды унутуп калсаңыз, сүйлөмдүн ортосунан токтоп аба алууга туура келет, мындайды уккан кимге жаксын. Сүйлөмдүн туура жерлеринен дем алуу үчүн текстти туура белгилеп алуу керек. Чоң дем алуу үчүн “пауза” белгисин коюп алыңыз. Кыска дем алууга, үтүрдү белги кылыңыз.

Сөзсүз түрдө үнүңүз үчүн кам көрүшүңүз керек. Эфирге чыккан кабарчы үчүн анын үнү маанилүү аспап деп саналат. Демек, аны багыш керек. Эң эле мыктысы — суу. Сууну ар дайым жетиштүү ичиш керек. Мындан сырткары, үнгө кантип туура кам көрүү керек десеңиз, анда төмөнкү кеңеш сиз үчүн:

  • Физикалык денеге кандай кам көрсөк, үнгө да ошондой кам көрүш керек. Кофе ичкенге болбойт, семичке чакканга болбойт. Мындан сырткары, кээде үндү жоонойтобуз деп тамеки тартышат экен. Бул — миф, туура эмес нерсе. Тескерисинче, тамеки тарткан адамдын үнү, албетте, жоонойот, бирок ошол эле учурда жагымсыз тембр пайда болуп, үн түйүндөрүнүн ийкемдүүлүгүн жоготот. Мындан сырткары, психо-эмоционалдык жактан таасир этип, борбордук нерв системасын талкалайт. Анан газдалган суусундуктарды ичпеш керек. Үн туура дем алгандын негизинде коюлат, андыктан диафрагма менен дем алганды үйрөнүш керек. Күнүнө эки жолу эрте менен жана кечинде дем алуу көнүгүүлөрүн жасап , андан кийин резонатор, регистр дегендер бар ошолорго машыктырса, эки-үч айда үндү өзгөртүп, төмөнкү регистрдеги үндү пайда кылып, үндү жоонойтсо болот. Негизи, психологдордун айтуусу боюнча аудитория төмөнкү регистрдеги жоон үндүүлөгө ишенет.  

Үн адамдын акыбалын чагылдырып турат. Андыктан үнүңүзгө кам көрүп, үн боюнча көнүгүүлөрдү аткара жүрүүнү унутпаңыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM