Биз менен байланышыңыз

Токио: Аптаптан улам 30 адам ооруканага жаткырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 512 | 0

Токиодо ысык аба ырайынын кесепетинен 25 жаштан 99 жашка чейинки 30 адам ооруканаларга жаткырылды. Алардын экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу NHK телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, Японияда бир жуманын ичинде аптаптан 1 миң 119 адам жабыркады.

Токиодогу өрт өчүрүү бөлүмү кондиционерлерди колдонууну, сырткы көрүнүштөрдөн жана суу ичүүдөн алыс болууну сунуштайт. Эксперттер эгерде адамдардын ортосунда аралык жетишерлик чоң болсо, беткап тагынбоону сунуштайт.

Шаршемби күнү борбор калаада абанын табы дээрлик 31 градуска көтөрүлдү. Хонсю аралынын түндүк-чыгышында аба ырайы дагы 33 градуска чейин ысыды.

Синоптиктер Токиодо абанын температурасы болжол менен 32 градус, Фукусима, Ямагата, Наганодо 34-36 градуска чейин көтөрүлөрүн болжошууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM