Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан 47 жаштагы аял каза болду

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 703 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында кабарлады.

47 жаштагы аял Ош шаардык ооруканасында көз жумду.

Өлкөдө коронавирус менен катталып, башка өнөкөт оорулары курчуган 24 бейтап каза болду.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус менен дагы 23 адам катталды. Ушуну менен коронавирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 2055ке жетти.

Бир сутка ичинде 38 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Анын ичинде Бишкек шаарынан 19, Нарын облусунан 13, Жалал-Абад облусунан 1, Ош шаарынан 4, Ош облусунан 1 бейтап үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча жалпы 1483 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM