Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы бир бейтап каза болду

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 873 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 67 жаштагы аял Нарын облустук ооруканасында каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бейтап абалы өтө оорлошуп кеткендиктен 7-июнда жүрөгү токтоп, каза болуп калган. Ал өпкөсүнөн эки тараптуу пневмония болгон, ак кан оорусу менен да жабыркачу экен. Кан басымы өтө жогору болуп, коронавирус бул илдеттерин курчутуп жиберген. Үсөнбаевдин айтымында, бейтап өз алдынча дарыланып жүрүп, ооруканага кеч кайрылган.

Бүгүн, 8-июнга карата Кыргызстанда коронавирусту дагы 25 адам жугузуп алганы аныкталды. Республика боюнча коронавирус менен катталгандардын саны 2032ге жетти.

Учурда 564 адам дарыланып жатат, алардын ичинен үч киши реанимацияда.

Коронавирустан айыккандардын саны 1445ти түзөт. Бул илдеттен 23 киши кайтыш болду.

Copyright © 2017 Maral FM