Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
• Бишкек ш. – 1
• Ош облусунда – 1
• Ош ш. – 1
• Нарын облусунда – 3
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 395 учур катталды, алардын ичинен 275 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
«Саламаттык сактоо министрлигинин 5 кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алышкан. Бүгүнкү күндө бейтаптардын абалы туруктуу жана дарылоо курсунан өтүп жатышат. Калган кызматкерлерди коргоо максатында, эпидемияга каршы тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. 30дан ашык кызматкер обсервация шартында иштеп жатышат», — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.