Биз менен байланышыңыз

Сот Порошенкону мажбурлап суракка алып келүүгө уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 488 | 0

Киев соту Украинанын экс-президенти Петр Порошенкону Мамлекеттик тергөө бюросуна мажбурлап алып келүүгө уруксат берди.

Сурак 10-июнда болот. Бул жерде белгилүү сүрөтчүлөрдүн Украинанын чек арасында бажы көзөмөлүнөн жашырылган 43 сүрөттөн турган маданий баалуулуктар коллекциясын аткезчилик жол менен алып өтүүдө күбө катары суракка алуу жөнүндө сөз болуп жатат.

Бул иш боюнча Порошенко 26-майда, андан кийин 29-майда  суракка чакырылган. Бирок экс-президент суракка келген жок.

Бул Порошенконун катышуучу болгон бирден-бир кылмыш иши эмес. Мамлекеттик тергөө бюросу 2019-жылдын октябрь айында Порошенкону 12 кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жаткандыгын билдирген.

Декабрда бюро Украинанын экс-президентине 2015-жылы Минск келишимдерине кол коюу учурунда чыккынчылык кылгандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон.

2020-жылы апрелде Украинанын Башкы прокуратурасы Порошенкого каршы 4 статья боюнча бир эле учурда 2017 жана 2019-жылдары Жогорку Соттун судьяларын дайындоо жөнүндөгү жарлыктарга ылайык, жаңы кылмыш ишин козгогон.

20-майда мурдагы президентке каршы «чыккынчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып менен Украинанын мурдагы Башкы прокурору Виктор Шокиндин отставкага кетишин талкуулаган бир нече кишинин аудио жаздыруу боюнча кылмыш иши козголду. Андагы адамдардын үнү Порошенконун, АКШнын мурдагы вице-президенти Джо Байдендин жана мурдагы мамлекеттик катчы Джон Керринин үндөрүнө окшош.

Жалпысынан Украинанын мурдагы президенти учурда 18 кылмыш ишинин күбөсү же катышуучусу катары суракка алынууда.

Copyright © 2017 Maral FM