Биз менен байланышыңыз

Порошенконун кирешеси бир жылда 82 эсе өстү

Украинанын президенти Петр Порошенконун декларацияда көрсөтүлгөн кирешеси 2018-жылга карата 82 эсеге көбөйдү. Бул туурасында “Украинанын жаңылыктары” Украинанын декларацияларынын бирдиктүү реестрине таянып жазды.

Маалыматка ылайык, эң көп кирешени ал Rothschild Trust Schweiz AG компаниясынан алган. Ал киреше ага тиешелүү болгон “Рошен” кондитердик корпорациясынын негизинде түшкөн. Сумма 1,1 млрд гривенди(41,1 млн доллар) түзгөн.

Ошондой эле, Порошенко 181 млн гривен (6,8 млн доллар) «Прайм Эссетс Кэпитал» компаниясынан,  28,8 млн гривен (1,07 млн) баалуу кагаздардан, 13,7 млн гривен (512 миң доллар) эл аралык инвестициялык банктагы пайыздык кирешеден жана 0,8 млн гривенди(30 миң доллар) кыймылсыз мүлктү саткандан келип түшкөн.

Натыйжада Порошенконун декларациядагы 2018-жылдан берки кирешеси 1,3 млрд гривен(49,512 млн доллар) деп көрсөтүлгөн. Бул сумма мурдагы жылга салыштырмалуу 82 эсеге көп. Мурдагы жылы 16,3 млн гривен(609 миң доллар) болгон.

Copyright © 2017 Maral FM