Биз менен байланышыңыз

Токаев: Казакстанды коронавирустун экинчи толкуну капташы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 739 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, өлкөдө коронавирустун экинчи толкунунун жаралуу коркунучу дагы деле сакталууда. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттеринде жазды.

Токаев белгилегендей, өкмөттүк комиссиянын аракетине карабастан, вирус дагы эле казакстандыктардын арасында жайылып жатат.

Мен дагы бир жолу мекендештериме массалык илдеттен сактануу үчүн карантин чараларын (аралык, дезинфекция, гигиена, беткап) сактоону өтүнөм», — деп жазган Токаев.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирустун 12 667 учуру тастыкталып, алардын ичинен 6240 адам айыгып, 48 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM