Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: 31-майда 26 жаңы учур катталып, 57 бейтап сакайды

Кыска кабар | 31 мая 2020 | 430 | 0

Бүгүн, 31-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 26 жаңы учуру катталды. Алардын алтоосу — медицина кызматкери. Бүгүн 57 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Бишкек шаарынан – 7, Чүй облусу — 3, Нарындан — 12, Ош шаарында — 3, Ош облусунда – 1.

COVID-19 илдетин жаңы жуктурган 26 учурдун экөөсү сырттан келгендер. Бир учуру сапарда жүргөн жаран, экинчи учуру энеси менен Орусиядан келген өспүрүм. Калган байланышта болгон учурлар медиктердин көзөмөлүндө, — деди министрдин орун басары.

Республика боюнча аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күндө 1748ге жетти. Учурда 562 бейтап стационарда. Алардын ичинен 5 адам реанимацияда. 1170 сакайып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус апааты каптагандан бери 16 мекендешибиз каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM