Биз менен байланышыңыз

Филиппинден жана Кореядан 58 кыргызстандык Бишкекке келди

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 717 | 0

Бүгүн, 29-майда, “Манас” эл аралык аэропортунда Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алышты.

Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Өлкө президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM