Биз менен байланышыңыз

Австралияда жүздөн ашык гезит ишин токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 506 | 0

News Corp. медиа корпорациясы Австралияда жүздөн ашык гезитти басып чыгарууну токтотот. Бул тууралуу корпорациянын Австралиядагы бөлүмүнүн башчысы Майкл Миллер билдирди.

Анын айтымында, пандемиядан улам басма сөз каражаттарындагы жарнамадан түшкөн киреше төмөндөп кеткен. Мындан улам, 36 гезит толугу менен жабылып, калгандары 29- июндан тарта санарип форматка өтөт.

The Australian, The Daily Telegraph жана The Herald Sun сыяктуу гезиттерди чыгарган News Corp. буга чейин Улуу Британия жана Австралиядагы көрсөткүчтөр төмөндөгөндөн кийин кирешелер 7,8 пайызга төмөндөп кеткендигин кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM