Биз менен байланышыңыз

Бостон марафону 124 жылда биринчи жолу жокко чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 303 | 0

Дүйнөдөгү эң престиждүү жана эң узак убакытка созулган Бостон марафону коронавирус пандемиясынан улам жокко чыгарылды. Бул марафондун 124 жылдык тарыхындагы биринчи окуя.

«Биздин эң башкы приоритет — бул жамааттын, кызматкерлерибиздин, катышуучулардын, ыктыярчылардын, көрүүчүлөрдүн жана күйөрмандардын ден-соолугун сактоо», — деди марафондун аткаруучу директору Марат Грилк.

Маалыматка ылайык, бул жылдын марафону 20-апрелде өтүшү керек болчу. Бирок кийинчерээк аны 14-сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынган.

Марафонго катталгандар кирүү акысын толугу менен кайтарып алышат.

Мындан тышкары, каалаган адам марафондун виртуалдык версиясына катыша алат.

Бул үчүн катышуучу марафондун аралыгын чуркап өтүп, аны далилдеши керек. Виртуалдык марафонго катышкан бардык спортчуларга Бостон Марафонунун расмий программасы, катышуучунун футболкасы жана медаль берилет.

Бостон марафону биринчи жолу 1897-жылы өткөрүлгөн. 2013-жылдагы марафондо террордук чабуулдан 3 адам каза болуп, 282 күлүк жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM