Биз менен байланышыңыз

Мугалимдерди талаага жиберген аткаминерге 2.2 миң $ айып пул салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 490 | 0

Ташкент облусунун Бука районунун акиминин орун басары Анвар Хонтураев  дискриминация жана мугалимдерди коомдук кызматка тартууга мажбурлагандыгы үчүн аткаминерге 2,2 миң доллар айып пул салынды.

Апрелдин аягында чиновник мектеп директорлору жана активисттери менен жолугушуп, аймакты көрктөндүрүү боюнча тапшырма берген. Ал эми май айынын башында мугалимдерди талаага отоо чөп басууга мажбурлан.

Хонтураев ошондой эле №12 мектептин директору Хакимованын ишин сынга алып, аны эл алдында кемсинтип, басмырлаган, андан кийин түшүндүрмө катын жана кызматтан кетүү катын жазуусун өтүнгөн.

Билим берүү министрлиги жана Мамлекеттик эмгек инспекциясы бул окуяларды иликтөөдө.

Анын жыйынтыгы боюнча Хонтураев Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 51-беренеси (иштөөгө административдик мажбурлоо) боюнча күнөөлүү деп табылды. Аталган берене боюнча эң жогорку жаза — 2,2 миң доллар өлчөмүндө айып пул салынды.

Copyright © 2017 Maral FM