Биз менен байланышыңыз

Трамп: АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2020 | 753 | 0

АКШ аскерлерин Афганистандан чыгарып кетиши керек, бирок, ошол эле маалда ал жакта болуп жаткан окуяларды көзөмөлдөп, зарыл болсо «сокку урууга» даяр болушу керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттерде билдирди.

«Биз Афганистандагы куралдуу күч эмеспиз, биз полиция күчтөрүнө окшошпуз. 19 жыл өттү жана алардын өлкөдөгү тартипти өздөрү сактоого убакыт келди. Биздин аскерлер мекенибизге жөнөтүлүшү керек, бирок биз ал жерде болуп жаткан окуяларды кылдат байкап, керек болсо, болуп көрбөгөндөй сокку урушубуз керек», — деди АКШ лидери.

Reuters агенттигинин айтымында, коронавирус пандемиясынан улам АКШ Ооганстандан аскерлеринин чыгарылышын тездетти. Маалыматка ылайык, июнь айынын башында аскер кызматчыларынын саны 8,6 миңге чейин кыскарат.

29-февралда Дохада АКШ менен Талибандын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлган. Келишим АКШны жана анын союздаштарын Афганистандан 14 айдын ичинде аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM