Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 35 адамда коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 698 | 0

Бүгүн, 26-майга карата Кыргызстанда дагы 35 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган 35 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары– 12 + 4 (Россиядан келген аскер кызматкерлеринен);
Чуй облусу — 4 + 3 (Соль-Илецктен келгендерден);
Ош облусу — 4
Нарын облусу — 8

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 20;
Нарын облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 2.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468 адамга жетти. Алардын ичинен 1015 бейтап сакайып, 16 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM