Биз менен байланышыңыз

Судандын экс-президентине 4 млрд $ айып салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 631 | 0

Судан өкмөтү мурдагы президент Омар ал-Баширден, анын туугандарынан жана жардамчыларынан 4 миллиард доллар конфискациялады. Бул тууралуу Судандын Антикоррупциялык комиссиясына таянып, Аль-Арабия телеканалы билдирди.

«Судандын мурунку президентине, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын шериктештерине таандык активдердин наркы баштапкы эсептөөлөр боюнча, 3,5 миллиарддан 4 миллиард долларга чейин болот», — деди комиссиянын өкүлү Салах Мана.

Суданды 30 жыл башкарган 76 жаштагы Умар ал-Башир 2019-жылы 11-апрелде мамлекеттик төңкөрүштөн улам кулатылган.

Армия парламентти таркатып, конституцияны убактылуу токтотуп, убактылуу аскердик кеңеш түздү. 2019-жылдын сентябрь айында өлкөдө жаңы өкмөт түзүлгөн.

2019-жылы декабрда Аль-Башир коррупцияга айыпталып, 2 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM