Биз менен байланышыңыз

Дагы 30 адамда коронавирус аныкталып, 12 бейтап айыкты

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 937 | 0

Бүгүн, 25-майга карата Кыргызстанда дагы 30 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган 30 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек ш. – 9 + 8 (Санкт-Петербург ш. келгендерден);
Чуй облусу — 1;
Нарын облусу — 5;
Ош ш. — 3;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 2;
Баткен облусу — 1.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 12 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 6;
Жалал-Абад облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ош облусу – 3.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 адамга жетти. Алардын ичинен 992 бейтап сакайып, 16 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM