Биз менен байланышыңыз

АКШ: G7 саммитинин мөөнөтү жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 576 | 0

АКШ Вашингтондо 10-июнга пландалган G7 саммитин пандемияга байланыштуу июндун аягына жылдырды. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен CBS каналында билдирди.

G7 саммитинин так датасы кийинчерээк жарыяланат.

«Эгер G7 саммити бетме-бет өтсө, ал июнь айынын аягында өтөт. Менин оюмча, биз азыр Вашингтондо коронавирустук эпидемиянын туу чокусуна жетебиз деп ойлойм», — деди О’Брайен.

Ал G7 лидерлеринин бардыгы видео конференциянын ордуна саммитти бетме-бет өткөрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

«Биз лидерлер бул жерге келиши үчүн коронавируска тест тапшырганын,  кырдаал коопсуз экендигин текшеришибиз керек», — деп кошумчалады Трамптын кеңешчиси.

Буга чейин Дональд Трамп G7 саммити эл аралык трафиктин токтотулушуна жана коронавирус пандемиясына байланыштуу видео форматта өтөрүн айткан. Бирок ушул аптада Трамп оюн өзгөртүп, Вашингтондо саммит өткөрүүнү каалагандыгын жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM