Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун экинчи толкуну: элге сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлөт

Кыска кабар | 24 мая 2020 | 6911 | 0

Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык катары эл арасында сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында Нурболот Үсөнбаев эпидемиянын экинчи толкунунун болбошуна кепилдик жок экендигин айтып, бул багытта иштер жүрүп жатканын билдирди.

— Бүгүнкү күнү коронавирус менен күрөшүүнүн кийинки баскычында аткарыла турган башкы маселелер иштелип жатат. Экинчи толкундун болбостугуна кепилдик жок. Ал элдин саламаттыгына, экономикага өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан учурда алдын ала чаралар көрүлүп жатат. Айрыкча, ден соолукка көңүл бурулуп жатат. Мындан улам белгиленген мөөнөттөрүнөн мурда профилактикалык түрдө сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү пландалууда. Мүмкүндүк болсо пневмококк инфекциясына каршы эмдөө жасалат. Ал дагы дем алуу органдарын жабыркаткан респиратордук инфекция. Сасык тумоонун алдын алуу менен биз дем алуу органдарына кошумча күч келүү тобокелдигин азайтабыз. Ошондой эле дары-дармек, коргоочу кийимдерди камдап коюу боюнча иштер жүрүүдө. Лабораториялар боюнча иш алынып барууда. Кошумча 10 көчмө лаборатория түзүлөт. Учурда ПЧР аппараттарды алуу боюнча тендер өткөрүү иштери жүрүп жатат, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1403 адамга жетти. Алардын ичинен 980 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM