Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Орозодо ниет кылган аруу тилектерибиз кабыл болсун

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 1202 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда баардык момун мусулмандарды Орозо Айт майрамыӊы менен куттуктап, бекем ыйман, адал эмгек менен жашоону, улуттар арасындагы сый-урматты, биримдикти тиледи.

» Урматтуу мекендештерим! Быйылкы Орозо күндөрүн азыркы мезгилдеги дүйнөлүк апааттан — коронавирус илдетинен сактануу шарттарында өткөрдүк. Элибиздин ден-соолугун, өмүрүн сактоо үчүн илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартипти кармадык. Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген, мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем» , — деди Мамлекет башчысы.

Ошондой эле мамлекет башчысы, дүйнөдөгү абал кайсы күнү болбосун өзгөрүп кетиши толук ыктымал экендигин айтып, мындан ары да калк саламаттыгынын коопсуздугу үчүн илдеттен коргонуу чараларын күчөтүлгөн режимде улантуу керектигин айтты.

«Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет. Ошондуктан, сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам. Медициналык талаптарды бузбай, жеке тартипти сактоону күнүмдүк адатка айлантууга тийишпиз. Ошондо гана илдетти жеңебиз. Жараткан Кудайым Өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!» , — деди Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM