Биз менен байланышыңыз

Бразилия вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2020 | 860 | 0

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча 23-майда Бразилияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 330 миңден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Азыркы учурда, Бразилия илдетке чалдыккандардын саны боюнча Орусияны (326 миң) озуп, АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын саны 21 миңден ашкан. Латын Америка өлкөлөрүнүн арасында Бразилия коронавирустун саны жана өлүмдүн саны боюнча алдыга чыкты. Аталган өлкөдө вирустун алгачкы учуру февралдын аягында катталган.

Коронавирусту жуктургандардын саны боюнча алдыңкы 5 мамлекет:

  • АКШ — 1,6 млн;
  • Бразилия — 330 миң;
  • Орусия — 326 миң;
  • Улуу Британия — 255 миң;
  • Испания — 234 миң.

Copyright © 2017 Maral FM