Биз менен байланышыңыз

Эми 112 номери аркылуу акысыз юридикалык кеӊеш алса болот

Кыска кабар | 22 мая 2020 | 741 | 0

112 ыкчам байланыш аркылуу өлкөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын эпидемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга акысыз юридикалык консультация берилүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Мындай кызмат Кыргызстандын жарандарын жана чет элдик жарандарды өз убагында ыкчам жана сапаттуу укуктук колдоо менен камсыздоо максатында ишке ашырылып жатат. Долбоор ПРООНдун колдоосунда ишке берилди.

Акысыз юридикалык кеп-кеӊештерди орус, кыргыз жана англис тилдеринде “Жаӊы чечимдер” коомдук бирикмесинин квалификациялык юристтери көрсөтөт.

Ыкчам байланыштын убактысы: 08.00дөн 20.00гө чейин, жумасына 6 күн, жекшемби күндөн сырткары.

Copyright © 2017 Maral FM