Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Кыргызстан кризисти даярдыксыз тосуп алды

Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстан кризисти даярдыксыз тосуп алганын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бизнеске насыя алууда бөгөттөр абдан көп.

 «Учурда мамлекеттик, коомдук институттардын алсыздыгына күбө болуудабыз. Ишкердикти жигердүү колдоо түшүнүгүн көргөн жокпуз. Өлкөдө күнүмдүк айлыкка иштеген сектор токтоп калды, кыйналгандар ошолор болуп жатат. Бишкекте аз да болсо жумушсуздукту жоюу үчүн күнүмдүк жумуш орундарын түзүп, жалпы 10 млн доллар сарптадык.  Андан сырткары стипендия бердик. Мындай саамалыкты өлкөнүн ири шаарларында да баштаса болмок», — деди Итибаев.

Ал карантин убагында сырттан келген акчалардын кандай сарпталып жатканы бүдөмүк бойдон калып жатканына тынчсызданды. Өкмөт мамлекеттик сектордун чыгымдарын кыскартышы керектигин белгиледи.

Итибаев мамлекеттик кызматтарда кызматкерлердин саны көп экенин сынга алды.

«Экономика министрлигинин кризиске чейин жана андан кийин кандай пайдасы болду? Мунун кереги барбы? Мекемени департамент кылып, Финансы министрилигине кошуп бербейби… Бизде чыгаша көп», — деди Итибаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM