Биз менен байланышыңыз

Ошто милициянын кайгуул-күзөт кызматы түзүлөт

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 665 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Өкмөттүн чечимине кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Документ ички иштер органдарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүн түзүү, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорду уланта турган административдик бирдиктеринин тизмесин кеңейтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, коомдук тартип жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Бишкек шаарынын аймагында ишке ашырылган пилоттук долбоор коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө жакшы натыйжа көрсөттү.

Түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрүндө бир катар өзгөрүүлөр, анын ичинде кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүнүн экипаж курамында кызмат өтөө тартибинде өзгөртүүлөр каралууда. Түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрү коомдук тартипти, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында ЖКККББнын бир катар түзүмдөрүндө жана аймактык ички иштер органдарынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрү бөлүнүп, аймактык ички иштер органдарынын түзүмдөрүндө «Милициянын кайгуул кызматы» деп аталган жаңы бөлүкчөлөр баскыч-баскычы менен түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM