Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө дээрлик беш миллион адам коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 387 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 4,801 миллион кишиден ашып, 318,9 миңден ашуун адам көз жумган. Ал эми АКШнын Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматы боюнча, дүйнөдө дээрлик 5 миллион адам коронавирус жуктуруп, 328 миңден ашык адам көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп саналат. Анда вирус 1,55 миллиондон ашуун адамга жуккандыгы аныкталган. Экинчи орунда — Орусия (308,7 миң), үчүнчүдө — Бразилия, (291 миң) төртүнчү орунда — Улуу Британия (249,6 миң), бешинчи орунда — Испания (232,5 миң).

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос  Гебрейесус акыркы бир күндө дүйнөдө COVID-19 коронавирустук инфекциянын 106 миң учуру аныкталганын айтты. Бул пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Ал арада Түрк аба жолдору авиакомпаниясы 4-июндан тарта рейстерди кайрадан жандандырат. Ал күнү ички каттамдар ачылат, ал эми 10-июндан баштап эл аралык каттамдар ишке ашат. 28-мартта Түркия коронавирустун жайылышына байланыштуу эл аралык каттамдарды толугу менен токтоткон болчу.

АКШ Орусияга гуманитардык жардамды жасалма дем алдыруучу аппараттар түрүндө жөнөтөт. Voice of America  радиосу билдиргендей, АКШ бийлиги Орусияга 200 аппарат жөнөтүүнү пландаштырууда.

Эстонияда иммунитет боюнча санарип паспорттор тестирлөөдөн өтүп баштады. Мындай паспортту колдонуп, үчүнчү жак, иш берүүчүлөр, адамдардын коронавирустун жыйынтыктары жөнүндө маалыматын колдоно алышат. Маалыматты өткөрүп берүү үчүн QR коду колдонулат.

Apple компаниясы вирус жуктурган бейтаптардын байланышын көзөмөлдөөчү колдонмо чыгарды. Бул колдонмого бир нече өлкө, ошондой эле Американын айрым штаттары өз кызыгууларын көрсөткөн.

Кытайдын Ухань шаарынын бийлиги жапайы жаныбарларды сатууга катуу чектөөлөрдү киргизди. Беш жыл бою мындай жаныбарларды жеп, көбөйтүүгө, сатууга, сатып алууга, жарнамалоого, ошондой эле аларга аңчылык кылууга тыюу салынат. Коронавирустун келип чыгуусунун бир версиясы боюнча, пандемия адамдарга жарганаттан жуккан.

Copyright © 2017 Maral FM