Биз менен байланышыңыз

Улуттук онкология борборунда 14 адам коронавируска чалдыкты

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 814 | 0

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө 14 киши коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бөлүмдө бардыгы 120 адам лабораториялык текшерүүдөн өттү.

Илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 1 дарыгер, эки медайым, 8 бала жана 3 эне бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, ооруну жуктурган адам аныкталды. Вирус жуктургандарды дарылоого бөлүмдө обсервациялык жана өзүнчө бөлмөлөр уюштурулду.

Ал эми медициналык кызматкерлер Жугуштуу оорулар ооруканасына которулду.

Copyright © 2017 Maral FM