Биз менен байланышыңыз

Нидерландыда жаныбардан адамга коронавирус жукту

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 608 | 0

Нидерландыда норкадан адамга коронавирус жуккан учуру катталды. Илдетке норка баккан фермада иштеген адам кабылган. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн айыл чарба министри Карола Схаутендин катына таянып билдирди.

Катта оорулуу жумушчунун абалы тууралуу маалымат берилген эмес.

Схаутен катта министрликтин коронавирус жаныбарлардан адамдарга жугушу мүмкүн эмес деген мурунку отчетунун ката болгону мойнуна алган. Ошол эле учурда илдеттин жаныбарлардан адамдарга жугуу коркунучу төмөн экенин кошумчалаган.

Апрель айында Нидерландиянын Түндүк Брабант провинциясында 2 фермадагы норкадан коронавирус табылгандыгы кабарланган. Жаныбарларда коронавирустун белгилери байкалган.

Ал кезде өкмөт ферманын жумушчуларында коронавирустун белгилери болгондуктан, вирус норкага жугушу мүмкүн экенин билдирген.

Инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн норкалар фермадан чыгарылган. Ошондой эле фермалар жайгашкан аймактарга кирүүгө тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM