Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн санитардык эрежелер иштелип чыкты

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 788 | 0

Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт.

Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык , — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаев билдиргендей, коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир маршруттук чыгуу үчүн тазаланып турушу шарт.

Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоосу жана милдетүү түрдө беткап тагынуусу талап кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM