1960-жылдан бери биринчи жолу Япониянын Фудзияма тоосуна чыгуу үчүн колдонулуп келген 4 каттам тең жабылды. Мындай чечим коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынды.
Япон бийлиги тараткан билдирүүдө:
-Япониянын эң бийик чокусуна чейинки төрт негизги маршруттун үчөөнү башкарган Сидзуока префектуралык администрациясы быйыл тоого чыгуу багыттарынын бири да ачылбай тургандыгын жарыялады, — деп айтылат.
Жогоруда белгиленгендей, Яманаси префектурасы көтөрүлүүдө колдонулган 4-каттамдын жабылгандыгын жарыялаган.
Фудзиямада альпинизм сезону адатта июлдан сентябрга чейин созулат.