Биз менен байланышыңыз

Украинанын биринчи президенти Путинге кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 2272 | 0

Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук журналист Алеся Бацмандын YouTube каналына берген маегинде Орусиянын лидери Владимир Путинге кайрылды.

-Сизге, Владимир Владимирович, адамдардын каны төгүлгөнү жагабы? Сиз гумандуу адамсызбы же элдин өлүмүн жакшы көргөн адамсызбы? Мен сизге көптөн бери байкоо жүргүзүп, сизди «адамдардын өлүмүн жакшы көрөт» деген чечимге келдим. Бул коркунучтуу нерсе. Сизге оюңузду өзгөртүүнү же бийликтен кетүүнү сунуш кылам, — деди Кравчук.

Ал өз кайрылуусунда Экинчи Дүйнөлүк согуш жөнүндө сөз кылып, согушта көптөгөн курмандыктардан качууга мүмкүн болгонун айткан.

Ошондой эле ал Будапешт меморандуму, Минск келишимдери жана Украинанын мурдагы жана учурдагы президенттери Виктор Янукович, Петро Порошенко жана Владимир Зеленскийге комментарий берди.

Айта кетсек, Леонид Кравчук 1934-жылы Польшанын мурдагы бөлүгү, учурда Украинанын Ровен аймагына кирген Велики Житин айылында туулган.

1991-жылы 1-декабрда ал Украинада өткөн биринчи президенттик шайлоодо президент болуп шайланган.

8-декабрда Кравчук Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана Белоруссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич менен биргеликте Беловежская Пущада мурдагы Советтер Союзун чачыратып,  Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги менен алмаштыруу тууралуу келишимге кол койгон.

Ал 1994-жылы Леонид Кучмага утулуп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM