Түркмөнстан аба жолдору коронавирустук пандемияга байланыштуу бардык эл аралык рейстерди 20-июнга чейин жокко чыгарды. Бул тууралуу авиакомпаниянын расмий сайтында жарыяланды.
Ошентип, Ашхабаддан Стамбул, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Минск, Алматы, Франкфурт-на-Майне, Бирмингем, Амритсар, Дели, Дубай, Абу-Даби, Пекин жана Бангкок жана андан ары каттамдар болбойт.
Буга чейин түркмөн авиакомпаниясы бардык эл аралык каттамдарды 20-майга чейин токтоткон.
Түркмөнстанда коронавирус илдети аныкталганы тууралуу расмий маалымат жок.