Биз менен байланышыңыз

Трамптын кеңешчиси Кытайды коронавирус жайылтууга айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 318 | 0

Кытай өкмөтү коронавирус пандемиясынын алдын алса болмок. Бирок оорунун масштабы жөнүндө маалыматты жашырып, туристтер аркылуу коронавирус дүйнө жүзүнө жайылышына жол ачты. Мындай пикирди АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси Питер Наварро билдирди.

Ак үйдүн соода саясаты боюнча кеңешчисинин айтымында, Кытай эки ай бою вирус жөнүндө маалыматты жашырып, жүз миңдеген кытай туристтерине вирусту дүйнөгө жаюуга  мүмкүнчүлүк берген. Бул тууралуу ABC News билдирди.

«Уханда нөлдүк пациент ноябрда пайда болду. Кытайлар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун калкалоосунда эки ай бою вирусту дүйнө жүзүнөн жаап-жашырып, кийин жүз миңдеген кытайларды учак менен Миланга, Нью-Йоркко жана дүйнөнүн башка тараптарына жиберип, вирусту жайылтышты», — деди Наварро.

Анын айтымында, кытай өкмөтү вирусту Уханда токтото алмак, бирок анын баары пандемияга айланган.

«Ошондуктан мен кытайлыктар америкалыктарга ушундай мамиле жасады деп айтып жатам. Мындан улам  алар жоопко тартылышы керек», — деди Трамптын кеңешчиси.

Ал арада АКШнын Улуттук коопсуздук департаменти Кытайды вирустун масштабын жана анын коркунучтарын жашыруу менен коргоо каражаттарынын жана дары-дармектердин импортун көбөйтүп, экспортун азайтып алган деп айыптоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM