Биз менен байланышыңыз

Сейшел аралдары 2022-жылга чейин круиздик лайнерлерди кабыл албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 450 | 0

Сейшел аралдары пандемияга байланыштуу 2022-жылга чейин круиздик лайнерлерди кабыл алуудан баш тартты. Мындай чечим калкты коронавирус жуктуруудан сактоо максатында кабыл алынды.

Бул тууралуу Африканын чыгыш жээгинде жайгашкан аралдардын туризм, жарандык авиация, порттор жана деңиз иштери боюнча министри Се Дидье Догли билдиргенин Travel & Leisure басылмасы жазды.

Учурда Сейшел аралында коронавирустук инфекциянын 11 учуру катталган. Бирок эс алганы келген туристтер өлкөгө инфекция алып келүү коркунучу бар. Бизнес өкүлдөрү өкмөттүн чечимин колдошту.

«Круиз индустриясы дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жайылышынын негизги катализатору болуп калды жана өкмөт коронавирустун таасирин азайтуу үчүн чечим кабыл алды», — деди Улуттук порттордун директору Ронни Брут.

Буга чейин бир нече круиздик лайнерлерде коронавирустун жайылышы байкалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM