Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 78 адамда коронавирус аныкталып, 23 адам айыкты

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 1663 | 0

Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстанда дагы 78  адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 78 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 3 + 3 (Санкт-Петербург ш. келгендерден);
Чуй облусу — 3 + 43 (Соль-Илецк ш. келгендерден);
Нарын облусу — 14;
Ош шаары — 5;
Ош облусу — 6;
Жалал-Абад облусу — 1.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 20;
Жалал-Абад облусу – 3.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1216 адамга жетти. Анын ичинен 827 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM