Биз менен байланышыңыз

Кытайда акыркы суткада 4 адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2020 | 325 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайдын аймагында 4 адамда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазды.

Мындан тышкары, оорунун симптомдору жок 11 адам аныкталганын билдирген.

15-майга карата Кытайда жалпы 82 миң 933 адамдан коронавирус аныкталган. Учурда 91 адам дарыланып жатат, алардын ичинен он биринин абалы оор.

Коронавирус пайда болгондон бери жалпы 4633 бейтап каза болуп, 78 209 адам оорудан айыкты.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухан шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM