Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы эки адам коронавирустан каза тапты

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 629 | 0

Өткөн сутканын ичинде эки адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

55 жаштагы эркек киши Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жана 84 жаштагы аял киши Нарын облусунда коронавирустан каза болду. Каза болгон жарандарда эски өнөкөт оорулары козголуп, даарылануунун тыянагы жок каза тапты.

Кыргызстанда жалпысынан коронавирустун кесепетинен 14 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM