Connect with us

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 Май 2020 | 577 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 7…..12.… күндүз: 19……..24°

Талас облусунда:

түнкүсүн: 6…..11.….күндүз: 18………23°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 9……14….күндүз: 22……..27°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 9……14….күндүз: 22………27°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: 5……10..….күндүз: 16……..21°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: 3……8…..күндүз: 16.……21°C

15-майда Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…….12°C, күндүзү 22………24°C.

Copyright © 2017 Maral FM