Биз менен байланышыңыз

Казакстандын парламенти балдарды милдеттүү эмдөө жөнүндө мыйзамды жактырды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2020 | 553 | 0

Казакстандын Парламенти балдар үчүн милдеттүү эмдөө киргизүү боюнча «Адамдардын саламаттыгы жана саламаттыкты сактоо тутуму жөнүндө» жаңы кодекстин долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайты жазды.

Акыркы салыштыруу таблицасында 717 түзөтүүлөр киргизилген”, — деди депутат Зауреш Аманжолова.

Анын айтымында, андан сырткары дагы эки түзөтүү сунушталган. Профилактикалык эмдөөлөр жөнүндө макаланын абзацында «талап кылынат» деген сөздү «укуктуу» деген сөзгө алмаштыруу, ошондой эле, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын бала бакчага баруусуна тыюу салуу. Бирок бул түзөтүүлөр кабыл алынган жок. Натыйжада бардык эмдөөлөр милдеттүү жана ыктыярдуу болуп бөлүнгөн.

Буга чейин милдеттүү профилактикалык эмдөөлөр жүргүзүлө турган оорулардын тизмесине: вирустук гепатит А (B15), вирустук гепатит В (B16), В тибиндеги гемофилдик инфекция (B96.3), дифтерия (A36), көк жөтөл (A37), кызамык (B05), кызамык (B06), пневмококк инфекциясы (B95.3), полиомиелит (A80), селейме (A33-A35), кургак учук (A15-A19), жатын моюнчасынын залалдуу шишиктери (С53) жана паротит (B26) кирген.

Милдеттүү эмдөө киргизүү жөнүндө норма казакстандыктардын арасында карама-каршы пикирлерди жаратты. Көптөгөн жарандар ага каршы чыгышууда. Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарды эмдөөдөн баш тартуу — бул БУУнун Баланын укуктары конвенциясын жана Казакстандын Баш мыйзамында кепилденген балдардын ден-соолугун коргоого болгон укугун бузуу деп айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM