2019-жылы өлкө аймагында 38 айылга суу киргизилди. Натыйжада 47 миң адам таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, республикалык бюджеттен 500 млн сом, донорлордун эсебинен 370 млн сом каралып, жалпы 870 млн сом жумшалды.
Жалпы 2,4 млрд сомго 7 макулдашууга кол коюлду. Бүгүнкү күндө донорлордун жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен өлкөнүн 282 айылында 15 млрд сомдук таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат.
Республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн. Анын ичине 2019-жылы 500 млн сомго 151 долбоор каржыланды.