Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Жакырчылыктын деңгээли 3,2%га кыскарды

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 606 | 0

2019-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 5 763 сомду түзүп, 2013-жылдагы деңгээлден 70 пайызга өстү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, жакырчылыктын деңгээли 3,2%га кыскарды. Жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 2%га азайды.

2018-жылдан бери айлык акыларды жогорулатууга жалпысынан 13,7 млрд сом бөлүндү.

«Биринчи жолу Өкмөт бюджеттик тармактын 15 категориясындагы 160 миӊ кызматкердин айлыгын олуттуу көтөрдү. Ага 5,4 млрд сом жумшалды. Бул жалпысынан 600 миӊден ашык үй-бүлө мүчөлөрүнүн материалдык абалын жакшыртты», — деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, жалпы мамлекеттик камкордукта турган адамдардын саны 1,1 млн адам: мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын жалпы саны – 402 миң, пенсионерлерибиз – 676 миң адам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM