Биз менен байланышыңыз

2019-жылы 120 миң мугалимдин айлыгы 30 % көбөйдү

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 288 | 0

2019-жылы 120 миң мугалимдин айлыгы 30 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, бийик тоолуу райондордо мугалимдер 30 миң сомго чейин маяна алып калды. Бул үчүн кошумча 1,7 млрд сом бөлүндү.

Былтыр жалпысынан билим берүү чөйрөсүнө 35 млрд сом бөлүндү, бул республикалык бюджеттин бештен бир бөлүгүн түзөт. 2019-жылы мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча билим берүү тармагына 4,8 млн доллар каражат тартылды.

«Эки жылдын ичинде 132 жаңы билим берүү объектиси ишке берилди. Ошондой эле мамлекеттик менчикке бала бакчалардын 10 имараты кайтарылды. Ысык тамак берген мектептердин саны 114кө көбөйүп, жалпы саны 1485 мектепке жетти»,  — деди өкмөт башчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM